Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Бангкокто өтүп жаткан муай-тай боюнча турнирге катышууда. Бул тууралуу IBF Muaythai сайтында маалымдалды.
Анын оор салмактагы атаандашы Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болмокчу.
Алардын беттеши 29-августта Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө болот. Катышуучулар IBF Muaythai версиясы боюнча “Муай Тай боюнча Дүйнөлүк Чемпиондук кур” үчүн ат салышат.











