“Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдешинде Кыргызстандын капчыгында 5 медаль
Кечээ, 4-июнда Монголияда “Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдеши старт алды. Алгачкы күндүн жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортсмендер 5 медаль жеңишти: 1 күмүш жана 4 коло медаль. Бул тууралуу Дене тарбия жанан спорт агенттигинен маалымдашты.
Күмүш медалдын ээси:
Азат Салидинов (87 кг чейин)
Коло медалдын ээлери:
Жантөрө Мирзалиев (72 кг чейин)
Аманат Самат уулу (72 кг чейин)
Бекзат Орункул уулу (77 кг чейин)
Имур Темирбеков (82 кг чейин)
Мелдештер 7-июнга чейин уланат.