Abank_june
SerepTV Logo

“Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдешинде Кыргызстандын капчыгында дагы 2 медаль

“Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдешинде Кыргызстандын капчыгында дагы 2 медаль
Кечээ, 5-июнда Монголияда өтүп жаткан “Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдешинде килемге чыккан спортсмендер арасынан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жана Акыл Сулайманов байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жанан спорт агенттигинен маалымдашты.

Жоламан Шаршенбеков 63 кг чейин салмакта күч сынашып, биринчи жана экинчи айлампалык беттештерде каршылаштарын ишенимдүү жеңген, үчүнчү айлампада ирандык Мохаммад Кешткарга 1-10эсебинде утулуп калган. Ал эми жарым финалдык беттеште казакстандык Еркебулан Ардаковду 3-1 эсебинде утуп, финалдык беттеште каршылашы жаракатынан улам килемге чыккан жок. Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков алтын медалдын ээси болуп, чемпион аталды.

Ал эми Акыл Сулайманов 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, беттешин чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кытайлык каршылашын утуп, жарым финалда түндүк кореялык атаандашына 0:9 эсебинде утулуп калды. Коло медаль үчүн беттеште түштүк кореялык Сеунхак Ким менен беттешип,9:0 эсебинде каршылашын ишенимдүү утуп, коло медалга ээ болду.

Мелдештер 7-июнга чейин уланат.