Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Барселона шаарына барып, Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын «Барселона» футбол клубунун жаштар курамына каршы беттешке болгон даярдыгын текшерип, колдоо көрсөттү. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти.
Бүгүн, 27-январда испандык клубдун жаш курамына болгон оюнга КФБ жетекчиси дагы күбө болот. Ташиев машыгуулардан кийин оюнчуларга өзү Кыргызстандан ала барган чучукту кесип берип, алар менен биргеликте тамактанган.