Грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын утту. Ал 67 килограммга чейинки салмак категориясында ойногон.
Кыргызстандык балбан Түркия менен Казакстандын өкүлдөрүн эки жолу жеңип алды. Жарым финалда ал Грузиядан келген атаандашынан күчтүү болду. Финалда Раззак Бейшекеев молдовалык спортчуну 11:0 эсебинде утуп алды. Ушул эле турнирде 63 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбандар Дөөлөтбек Чойбеков күмүш, Баяман Апилов (63 килограммга чейинки салмак ченинде) коло байгенин ээси болду.











