Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР СПОРТ

Садыр Жапаров Бишкекте «Алга» спорт комплексин ачты

18:51 14.06.2025
0
Садыр Жапаров Бишкекте «Алга» спорт комплексин ачты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-июнда Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин ачылыш салтанатына катышты.

Иш-чаранын алдында мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышты. Ал ошондой эле дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, воркаут-зонаны жана кичи футбол талаасын көрүп чыкты.

Президент спорт комплекстин ачылыш салтанатында сөз сүйлөп, борбор калаабыз өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий очогу катары өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү бара жатканын өзгөчө белгиледи. Ал бардык тармактарда курулуш иштери кызуу жүрүп жатканына жалпы эл күбө экенин белгиледи. Утурумдук ыңгайсыздык болгону менен, Бишкектин жашоочулары жана ордо шаарыбызга келген меймандар үчүн жайлуу жана башка жакшы шарттарды түзүүгө болгон күч-аракет жумшалууда. Себеби Бишкек – бул өлкөбүздүн жүзү.

“Борборубузда спорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткандыгы – мына ошондой иш-аракеттерибиздин бир бөлүгү. Бүгүн ачылып жаткан спорттук жай — заманбап, көп тармактуу “Алга” спорт комплекси дагы ошол алдыга койгон максаттарыбыздын четинен иш жүзүнө ашып жаткандыгынын ачык далили. Бул саамалык — калк саламаттыгы жана жаштардын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк”, — деди Садыр Жапаров.

 

Ал спорт комплекстин жарым кылымдан ашуун бай тарыхы бар экенин эске салды. Учурунда “Эмгек резерви” деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулуп, ошондон бери калаа тургундарына өз деңгээлинде кызмат көрсөтүп келген. Президент ортодон бурулуштуу мезгилдер өтүп, башка бир катар объектилердей эле бул жай дагы кароосуз калгандыгын айрыкча, ушул аймактын тургундары жакшы билерин белгилеп өттү.

Комплексти реконструкциялоонун жүрүшүндө жер астындагы суунун деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу кыйынчылыктар болгон. Дренаждар тазаланып, жер астындагы суулар тартылып, аянт тегизделди. Кара топурак төгүлүп, көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлдү. Жасалган иштердин натыйжасында борборубуздун түндүк бөлүгүндө жайгашып, 7,4 гектар аянтты ээлеген спорт комплекси жигердүү жаштарды кабыл алууга жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө толук даяр.

“Бул жерде ар кыл спорт түрлөрү боюнча машыгууга, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого бардык тиешелүү заманбап шарттар түзүлгөн. Бул боюнча жогоруда көрсөтүлгөн тасмадан көрө алдыңыздар. Анда айтылгандай, спорт комплексинин аймагында FIFA-4 стандартына ылайык жасалган 3000 орундуу футбол талаасы, машыгуу аянтчалары, көп функциялуу спорттук аянтча жана воркаут-зонасы, кичи-футбол талаасы – булардын баары эл аралык деңгээлге чыгууга умтулуу экенин байкоого болот”, — деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары заман талаптарына ылайык, мейманкана, ден соолукту чыңдоочу комплекс, 150дөн ашык унаа бата турган унаа токтотмосу, насостук станция, суу сактагыч жана откана да курулду. “Ошондой эле Чоң Чүй каналынын жээги көрктөндүрүлүп, веложол, жөө кишилер үчүн жол салынып, асфальт төшөлдү. Комплекстин аймагына резина жабуусу бар чуркоо жолдору салынып, буюрса, спортчуларыбызга да жана калаа тургундарына да тиешелүү шарттар түзүлдү. Видеокамералар орнотулуп, коопсуздук маселеси да өзгөчө көңүл борборунда болду”, — деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Ал бир кездерде тиешелүү шарттар болсо, эл аралык деңгээлде жетишкендиктерге жетер элек деп кыялдансак, эми минтип ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүктөр пайда боло баштаганын өзгөчө белгиледи. Дүйнө агымынан артта калбай, таланттуу жаштарыбызды ар тараптан сүрөөгө алуу маанилүү. Президент жаңы спорт комплекс кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана шаар тургундарынын ден соолугуна кам көрүүсүнө чоң салым кошот деп үмүт артты. Мамлекет башчысы “Алга” спорт комплекси — ден соолугу чың, сергек коомдун пайдубалы болоруна, аткарылган иштер элибизге кут, мамлекетибизге сыймык алып келерине ишенимин билдирди.

Ачылыш аземинен кийин “Алга” (Бишкек) жана “Барс” (Каракол) футболдук клубдарынын ортосунда Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 12-турунун беттеши өтүп, ага Садыр Жапаров катышты. Жолугушуу 2:1 эсебинде “Барс” командасынын пайдасына аяктады.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:39 02.03.2026
1

Бириккен күрөш дүйнөсү социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 эл...

MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:45 02.03.2026
0

25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү. Бул тууралуу...

Раззак Бейшекеев MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринин коло байге ээси болду

Раззак Бейшекеев MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринин коло байге ээси болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:51 02.03.2026
0

1-март күнү Тирана шаарында (Албания) спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турнири жыйынтыкталды. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан...

Үзүр Жусупбеков MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринин коло байге ээси болду

Үзүр Жусупбеков MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринин коло байге ээси болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:41 02.03.2026
0

Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик MUHAMET MALO-2026 турниринде грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбаны Үзүр Жусупбеков...

MUHAMET MALO рейтингдик турниринин соңку күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 8 кыргызстандык балбан күч сынашат

MUHAMET MALO рейтингдик турниринин соңку күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 8 кыргызстандык балбан күч сынашат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:44 01.03.2026
0

1-мартта Албаниянын Тирана шаарында эл аралык рейтингдик Muhamet Malo турнири аяктайт. Соңку мелдеш күнүндө медалдар үчүн грек-рим күрөшү боюнча балбандар...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

16:39 02.03.2026
Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Элчи Марипов: "Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз"

15:32 02.03.2026
Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: «Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт»

Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: "Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт"

15:40 02.03.2026
Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

1
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

1
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү