Бүгүн, 19-мартта Кыргызстандын футбол боюнча премьер лигасынын кезектеги оюндары болот. Анда бишкектик “Алга” Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу менен кез келет. Экинчи оюнда Оштун “Алай” клубу өз үйүндө канттык “Абдыш-Атаны” кабыл алат. Үчүнчү оюн болсо бишкектик “Дордой” менен “Кара-Балта” клубтарынын ортосунда болот.