«ТОКИО-2020» Олимпиада оюнунда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча катышып жаткан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы, казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8-0 эсеби менен жеңди. Айта кетсек, чейрек финалда Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен күч сынашат. Ал эми кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы алгачкы атаандашы, казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсеби менен жеңип алды. Медет кызы чейрек финалда Олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьева менен беттешмекчи. Эске салсак, «ТОКИО-2020» Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.
Бишкектик мушкер Анваржан Ходжиев Дүйнө кубогунун коло байге ээси болду
Фос-ду-Игуасу шаарында (Бразилия) 2026-жылдагы бокс боюнча Дүйнө кубогу өтүп, анда спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Анваржан Ходжиев коло...









