Кыргызстандык спортчу Токиодогу Олимпиада оюндарында марафондо 36-орунду ээледи. Жарыш 7 -августта эртең менен өтүп, ага 88 спортчу катышты.
Жыйынтыгында, кениялык Перес Жепчирчир Олимпиада чемпиону болду, анын жыйынтыгы — 2 саат 27 мүнөт 20 секунд. Экинчи орунду анын жердеши Бриджит Косгей ээледи, колону АКШдан келген Молли Сейдел алды. Кыргызстандын атынан чыккан жөө күлүк Дарья Маслова 2 саат 35 мүнөт 35 секунд жыйынтык көрсөттү. Ал мындай убакыт менен 36-орунду ээледи.