Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмактык категориядагы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону болду.
Жантөрө Мирзалиев турнирдеги биринчи беттешинде Беларусь балбаны Ихар Зварыкинди 9:0 эсебинде жеңген. Андан кийин, 1/8 финалда швейцариялык Робин Бруннерди 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда ирандык балбан Хоссейн Абдовалини 5:3 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште 2024-жылдын жаштар арасындагы дүйнө жана Европа чемпиону болгон орусиялык Эрза Закриев менен күч сынашып, курч таймашта 3:2 эсебинде жеңишке жетишип, алтын медалга жана жаштар арасындагы дүйнө чемпиону наамына ээ болду.








