Кечээ, 15-сентябрь күнү кыргызстандык Валентина Шевченко жеңил салмак категориясында UFC чемпиону титулун кайтарып алды.
Невада шаарында өткөн UFC 306 мелдешинде Шевченко учурдагы чемпион мексикалык Алекса Грассону жеңип, кайрадан чемпион аталды.
Бул турнирдин негизги беттешинде грузиялык Мераб Двалишвили Шон О’Мэллини жеңип, чемпион да болду.
Турнир аяктагандан кийин Двалишвили менен Шевченко лезгинка бийлешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram