Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү. Анда көп тармактуу спорт комплекстин курулушу жана өнүктүрүү пландары талкууланды.
Бул долбоорду курууга былтыр 17,72 гектар жер тилкеси каралса, быйыл аны кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө бул маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Жаңы спорт комплекс өлкөдө алгач ирет эл аралык жана заманбап талаптарга жооп берген олимпиадалык борбор болот. Жыйын учурунда аймакты кеңейтүүдөн сырткары, ошол жерде 10 миң кишилик стадион куруу жана жөө күлүктөр үчүн өзүнчө чуркоо жолдорун куруу сунуштары каралды. Ошондой эле комплекс аймагында шаарча, медициналык зона, эс алуу аянты, жайкы лагерь, парктар жана кафе да курулат.