Abank_oct
SerepTV Logo

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону
 
Бүгүн, 1-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандын атынан 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду. Кыргызстандык спортсмен алгачкы беттешинде Түштүк Кореянын өкүлү Ким Дахюнду 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңди. Ал эми чейрек финалда Түркмөнстандын өкүлү Азатжан Ачилов менен беттешип, атаандашын 8:0 эсебинде уткан. 

Финалдык беттеште спортсмен Өзбекстандын өкүлү Алишер Ганиев менен күч сынашып, 7:5 эсебинде алтын медалга ээ болду.
SEREP MEDIA