Карагандадагы Костенко шахтасында болгон жарылуудан каза болгондордун саны көбөйдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
«252 адамдын 205и чыгарылып, алардын 18и медициналык жардам алууга кайрылышкан. 31 шахтерду издөө иштери уланууда, 16 шахтердун жансыз денеси табылды. Кырсык болгон жерде куткаруучулар ишин улантууда. Штаб иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн Караганда облусунда Костенко шахтасында жарылуу болгон. Анын себеби азырынча айтыла элек.