Abank_oct
SerepTV Logo

Стамбулда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден кеминде эки адам каза болду

Стамбулда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден кеминде эки адам каза болду

Стамбулда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон суу ташкындарынан кеминде эки адам каза болду. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.

Катуу жааган жамгыр Стамбулда ири көлөмдөгү суу ташкындарына алып келди. Суу көчөлөрдү, жолдорду, жер алдындагы өтмөктөрдү жана имараттардын жер төлөлөрүн каптады. Айрым унаалар суу алдында калып, жол кыймылы кыйла татаалдашты. Эң оор абал Эсеньюрт, Башакшехир, Султангази жана Бүйүкчекмедже райондорунда түзүлдү. Айрым аймактарда 95 миллиметрге чейин жаан-чачын катталган.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин маалыматына караганда, жаан-чачындын көптүгүнөн Стамбул аэропортуна багыт алган 43 каттам Түркиянын башка аэропортторуна жана чет өлкөлөргө багытталды. Аба ырайынын начардыгынан улам мектептерде сабактар токтотулду.

SEREP MEDIA