Бадра Гунба Абхазиянын президенти болуп шайланганын БШКнын маалыматына таянып «Апсныпресс» билдирди. 44 жаштагы Гунба 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын январына чейин мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу, ага чейин вице-президент болгон.
Бадра Гунба шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 54,73 пайызын алганын БШК башчысы билдирди. Анын атаандашы Адгур Ардзинба — 41,54 пайыз добуш алды. Ардзинба 2015-2020-жылдары вице-премьер жана экономика министри болгон. 2020-жылы «Абхаз элдик кыймылы» республикалык коомдук уюмун негиздеген.
Абхазияда 2024-жылдын ноябрында нааразылык акциялары болуп, анда мурдагы мамлекет башчысы Аслан Бжания мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен.
Президенттик турдун биринчи айланпасы 15-февралда болуп, ага Гунба жана Ардзинбадан тышкары дагы үч талапкер катышты. Алар Абхазиянын Орусиянын мурдагы соода төрагасы (2010-2024) Олег Барциц, Абхазиянын көзөмөл палатасынын мурдагы төрагасы (2013-2023) Роберт Аршба, Кара деңиз өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Адгур Хурхумал. Ал эми 1-мартта шайлоонун экинчи айлампасы өттү.