АКШда 11-сентябрдагы теракттардын 25 жылдыгында курман болгондор эскерилди
АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында болгон, дээрлик 3 миң адамдын өмүрүн алган трагедиянын 25 жылдыгына байланыштуу өлкө боюнча эскерүү иш-чаралары өттү. Эскерүү аземдери Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун ордунда — «Граунд-Зиро» аянтында, Пентагондун имаратынын алдында жана террористтер басып алган учактардын бири кулаган Пенсильвания штатында уюштурулду.
Нью-Йоркто курман болгондордун жакындары алардын ысымдарын окуп беришти. Алты мүнөттүк жымжырттык жарыяланды. Быйыл биринчи жолу жети мүнөттүк эскерүү да болду — теракттан кийин уулуу заттардын таасиринен ооруп, кийин каза болгондордун урматына.
АКШ бийлигинин маалыматына караганда, Дүйнөлүк соода борборунун мунаралары кулагандан кийин уулуу заттардын таасиринен улам оорулардан каза болгондордун саны теракттардын түздөн-түз курмандыктарынан кыйла ашып кетти.
Нью-Йорктогу эскерүү аземине АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама, Жо Байден, Билл Клинтон жана Жорж Буш катышты. Ошондой эле Манхэттендеги паркка Нью-Йорктогу теракттарда каза болгондордун санына жараша 2753 бош отургуч коюлуп, аларга эл гүл коюп, эскерүү каттарын калтыра алышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен бирге Пентагондогу эскерүү аземине катышты.