АКШнын федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Түндүк Кореянын хакерлерин Bybit крипто биржасынан 1,5 миллиард доллар уурдаган деп айыптады. Киберчабуул 21-февралда болгон.
«Федералдык иликтөө бюросу бул билдирүүнү коомчулукка айтып чыкканынын себеби, Bybit крипто биржасынан виртуалдык активдеринин уурдалган 1,5 миллиард долларына Түштүк Корея жооп берет», — деп айтылат мекеменин расмий билдирүүсүндө.
Тоноодон кийинки күнү криптовалютага байланыштуу иликтөөлөргө адистешкен ZachXBT аттуу колдонуучу атаканын артында Түндүк Кореялык Lazarus Group хакерлер тобунун турганына далил тапкан. Аталган топ Түндүк Кореяда кеминде 2009-жылдан бери бар. 2019-жылдан бери Lazarus Group Түндүк Кореянын бийлиги менен түздөн-түз байланышта болгон дагы бир нече хакердик командалар менен бирге АКШнын санкциялык тизмелеринде турат.
Бул хакерлик чабуул дүйнөдөгү эң ири крипто уурулук болуп калды. Bybit болсо чабуулду жасаган хакерлерди кармагандарга сыйлык жарыялады.