Кечээ, 25-октябрда кечинде белгисиз адам тарабынан АКШнын Льюистон шаарында ок чыгаруудан кеминде 22 адам каза болуп, ондогон адамдар жарадар болгонун Fox News телеканалынан маалымдашты.
Ок шаардын үч башка жеринде — бар менен ресторанда, Walmart дүкөнүндө жана эс алуу жайларынын биринде чыккан. Телеканал кылмышкер делген адамдын сүрөтүн видеокөзөмөл камераларынан тартып көрсөткөн. Шектүү автоматтан аткан.
Жергиликтүү оорукана жабыркагандардын саны боюнча так маалымат бере албастыгын билдирген.
Бир нече жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Льюистондогу массалык ок атууга шектелген адам кармалган. Башка булактар ок аткан адам дагы эле эркиндикте экенин жазышты. Бирок полиция окуяны теракт деп эсептебейт. Каргаша тууралуу АКШ президенти Жо Байденге маалымат берилген.