АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинанын президенти Владимир Зеленский овал кабинетинде президент Дональд Трамп менен болгон чырдан кийин кечирим сурашы керек деп ырастады.
«Украинанын президенти мындай аракети менен бул окуяны өзү үчүн фиаского айландырды, ал кечирим сурашы керек», — деди Рубио.
АКШнын мамлекеттик катчысы талкуудан кийин кол коюлбай калган минералдарды иштетүү үчүн келишим АКШ менен Украинаны экономикалык жактан байланыштырарын, бул коопсуздуктун кепилдиги болорун кошумчалады. Акыркы 10 күндө украин тарап менен байланышта кыйынчылыктар болгонун баса белгилеген Рубио «бул келишимге 5 күн мурда кол коюлса болмок, бирок Зеленский Вашингтонго келүүнү талап кылды» деди. Ал эми НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Зеленскийге америкалык лидер менен мамилени калыбына келтирүүнүн жолун табууга кеңеш берди.