Apple тарыхындагы биринчи бүктөлмө смартфонун тааныштырды. Ал эң кымбат iPhone болот
Apple компаниясы тарыхындагы биринчи бүктөлмө смартфон — iPhone Duo моделин тааныштырды.
Аппарат китеп сыяктуу бүктөлөт: жабык абалда кадимки смартфон болсо, ачылганда экран чакан планшеттин дисплейине айланат. Ачылган учурда экрандын диагоналы 7,6 дюймду, сырткы дисплейдики 5,4 дюймду түзөт. iPhone Duo Face ID технологиясын колдобойт. Смартфонду капталдагы күйгүзүү баскычына орнотулган Touch ID аркылуу ачууга болот.
Apple чоң экран менен иштөө үчүн бир нече тиркемени бир убакта колдонууга мүмкүндүк берген iOS системасынын атайын версиясын иштеп чыккан. Смартфон 4883 мА·саат аккумулятор жана арткы панелинде эки камера менен жабдылган. Ал ак жана кочкул көк түстө чыгарылат.
iPhone Duoнун баасы 1999 доллардан башталат. 256 ГБ версиясы 1999 доллар турса, 2 ТБ сактагычтуу версиясынын баасы 3199 долларга чейин жетет. Ушуну менен iPhone Duo Apple компаниясынын тарыхындагы эң кымбат iPhone болуп калды. Буга чейин эң кымбат модель 2 ТБ эс тутуму бар iPhone 17 Pro Max болгон — анын АКШдагы баасы 1999 долларды түзгөн.
Жаңы смартфон 23-октябрдан тарта сатыкка чыгат. Apple компаниясы iPhone Duoну Купертинодо өткөн Surprise and Shine презентациясында көрсөттү. Жаңы моделдин өзгөчөлүктөрүнүн бири — Apple смартфондорунун арасындагы эң чоң дисплей жана рекорддук деңгээлде жука корпус.