Алматыдагы №2 перинаталдык борбордо 51 жаштагы аял эгиз төрөдү. Бул тууралуу Tengri Life басылмасы билдирди.
Аталган борбордун директорунун орун басары Кымбат Абдраимованын айтымында, жасалма жол менен уруктандыруу (ЭКО) аялга кеч жана абдан каалаган кош бойлуулукту өткөрүүгө жардам берген. Кесарево жолу менен кыз жана уул төрөлгөн.
«Эмоциямды сөз менен айтып жеткире албайм. Балалуу болууну кыялданчумун. Эне болуу кыялымды орундатканына Жаратканга миң мертебе ыраазымын. Медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем», — деди апа.