Казакстандын Кызылорда шаардык ооруканасында бир жарым жаштагы кыз каза болду. Анын ата-энесинин айтымында, дарыгерлер рентгенде бөтөн нерсени (батареяны) байкаган эмес жана кыздын абалы тездик менен начарлап баратканда аны бронхит менен дарылашкан.
Апасы адилеттүүлүккө жетүүгө жана кызынын кимдин күнөөсү менен каза болгонун аныктоого аракеттенүүдө. Аял Кызылорда полиция башкармалыгына арыз менен кайрылган. Жакынкы арада документтер Саламаттык сактоо министрлигине жана Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.
Облустук милиция департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей баланын өлүмү боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.