Бүгүн, 27-февралда эки жолку «Оскар» сыйлыгынын ээси, актер жана жазуучу Жин Хэкмен менен анын жубайы пианист Бетси Аракавенин жансыз денеси Санта-Федеги үйүнөн табылды.
Жубайлар менен алардын ити да өлгөн абалда табылган. Полиция кылмыштын изин тапкан жок. Хэкмен 95 жашта болсо, аялы 63 жашта болчу.
Санта-Фе шерифинин кеңсеси алардын денелеринде зордук-зомбулуктун издери табылган жок деп билдирип: «Биз кылмыш жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлобойбуз. Бирок азырынча өлүмдүн так себеби аныктала элек», — деди. Ага карабай, бул факты боюнча тергөө иштери башталды.
Хэкмендин эки «Оскар», бир «Бафта», төрт «Алтын глобус» жана АКШнын актерлор Гильдиясынын сыйлыгы бар.