Вашингтондо АКШнын шайланган 47-президентинин инаугурация аземи аяктады. Дональд Трамп президенттин милдетин абийир менен аткарууга жана АКШнын Конституциясын коргоого ант бергенден кийин жаңы шайланган мамлекет башчысы катары сөз сүйлөдү.
Эмнелер айтылды?
- Американын алтын доору азыр башталат.
- Мамлекет өнүгөт, ушул күндөн баштап кайра урмат-сыйга ээ болот. Америка жакында мурдагыдан да чоң, күчтүү жана көрүнүктүү болот.
-
Мексика менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилет, ал жакка аскерлер жиберилет. «Биз миллиондогон кылмышкерлерди келген жерине кайтаруу процессин баштайбыз» деди ал.
- Баңгикартелдер АКШда террордук уюм деп жарыяланат.
-
АКШнын энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланат. Америка дүйнө жүзүн күйүүчү май менен камсыз кылат.
-
АКШнын расмий саясаты эки гана жынысты — эркек жана аялды таануу болуп саналат.
-
АКШда сөз эркиндиги өкмөттүн цензурасын токтотуу боюнча жарлык чыккандан кийин калыбына келтирилет.
-
Мексика булуңу Америка булуңу, ал эми Денали тоосу МакКинли деп аталат.
-
Панама каналы АКШнын көзөмөлүнө кайтарылат. Панама өз каналын Кытайга көзөмөлгө берген, эми АКШ аны кайтарат.
-
Президент катары мен «тынчтыкты орнотуучу жана бириктирүүчү» болом.
-
Америкалык астронавттар жаңы планеталарды изилдөөгө барышат жана Марста АКШнын желеги илинет.
Дональд Трамптын инаугурациясында Жо Байденден тышкары АКШнын бир нече мурдагы президенттери: Билл Клинтон, Жорж Буш жана Барак Обама болгон. Коноктордун арасында миллиардер жана Трамптын кампаниясынын демөөрчүлөрүнүн бири Илон Маск, Meta жана Amazon корпорацияларынын жетекчиси Марк Цукерберг менен Жефф Безос, ошондой эле Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук да бар.
Салтанаттын аягында Трамп жана анын жубайы Мелания калыптанып калган салт боюнча Жо Байден менен Жилл Байденди АКШ армиясынын тик учагына чейин узатышты.