SerepTV Logo

Дүйнө жүзүндө өспүрүмдөрдүн окуу жана эсептөө жөндөмү начарлаган — PISA изилдөөсү

Дүйнө жүзүндө өспүрүмдөрдүн окуу жана эсептөө жөндөмү начарлаган — PISA изилдөөсү

2015-жылдан 2025-жылга чейин окуучулардын окуу сабаттуулугу боюнча орточо көрсөткүчү 489 баллдан 461 баллга чейин төмөндөгөн. Бул 28 баллга азайганын билдирет. Ал эми математика боюнча көрсөткүч 485 баллдан 463 баллга чейин, башкача айтканда, 22 баллга төмөндөгөн. Табигый илимдер боюнча көрсөткүчтүн төмөндөшү анчалык байкалган эмес.

Өспүрүмдөргө маалыматты сын көз караш менен баалоо, негизги ойду бөлүп көрсөтүү жана ар кандай булактардан алынган маалыматтарды салыштыруу барган сайын кыйындап жатат. Текстти терең түшүнбөстөн, тез эле көз жүгүртүп окуган «шашма окурмандардын» үлүшү дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

АКШда 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн окуу сабаттуулугу боюнча көрсөткүчү 2022-жылдан бери кескин төмөндөп, акыркы 25 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге жакындаган.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдө көрсөткүчтөр олуттуу айырмаланат. Орточо көрсөткүчтөн жогору натыйжа Эстония, Финляндия, Австрия, Польша, Ирландия жана Чехияда катталган. Ал эми Испания, Хорватия, Мальта, Греция, Люксембург, Румыния, Кипр жана Болгарияда көрсөткүч орточо деңгээлден төмөн болгон.

Изилдөөдө окуучулардын жасалма интеллектти кандай колдонору да талданган. 2025-жылга карата көптөгөн өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү окуу үчүн чат-ботторду колдоно баштаган. Бирок кызыгы — окуу үчүн жасалма интеллектти таптакыр колдонбогон балдардын көрсөткүчү орточо эсеп менен жогору болгон.

Изилдөөнүн жыйынтыгы испаниялык TVE телеканалындагы жаңылыктар программасында да талкууланды. Кечки жаңылыктардын алып баруучусу Пепа Буэно эфирди адаттан тыш эксперимент менен жыйынтыктады: ал бир нече секунд бою унчукпай камераны тиктеп турду.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, окуудагы жетишкендиктердин, өзгөчө окуу сабаттуулугунун төмөндөшүнө гаджеттердин таасири да себеп болууда. Адамдар кыска видеолорго, тездетилген аудиолорго жана кадрлардын тынымсыз алмашуусуна көнүп калышты.

SEREP MEDIA