Орусиянын Франциянын Марсел шаарындагы Башкы консулдугуна кол салууга шектелгендер күнөөсүн мойнуна алышты. Алар Франциянын Улуттук илимий изилдөө борборунун окумуштуулары экенин La Provence басылмасы жазды. Жардыруу 24-февраль болсо, шектүүлөр ошол эле күнү кечинде кармалган.
Марселдин прокурору Николас Бессондун айтымында, кармалгандардын бири 40 жашта, экинчиси 50дө. Алардын бири инженер жана экинчиси химик. BFMTV телеканалынын маалыматына караганда, шектүүлөр үч желим бөтөлкө таштап, экөө жарылып кеткен. Укук коргоочулар идиштерге толгон затты изилдеп жатышат.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова жардырууда теракттын бардык белгилери бар экендигин билдирди. Марселдин прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатат.