21-мартта чакан сыноочу поезд темир жол линиясында дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсүнөн ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Daily Excelsior басылмасы жазып чыкты.
Учурда темир жолдун курулушу жүрүп жатат жана ушул жылдын март айынын аягына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө. Сыноо учурунда колдонулган поезддер көпүрөнү сыноо үчүн дагы эки жыл трассада колдонулат.
Ченаб көпүрөсү Джамму жана Кашмирдин Риаси районундагы Баккал менен Каури шаарларынын ортосунда дарыянын жээгинен 359 метр бийиктикте жайгашкан, бул дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсү.
Маалыматтарга караганда, Ченаб көпүрөсүн курууда 300гө жакын инженер жана 1300 жумушчу күнү-түнү иштеген. Ал акыркы үч жылдын ичинде курулган. Ал чоң жүккө ылайыкталган, ошондой эле көпүрө 8 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат.
Германияда 70 уй уурдалып, полиция таң калууда. Мал Бранденбург жергесиндеги Ибигау-Варенбрюк шаарчасындагы жайыттан жоголгон. Полициянын божомолунда, белгисиз адамдар ири мүйүздүү...
NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабынын бир бөлүгүн көрсөттү. Америкалык космостук агенттик Instagram баракчасына «Артемида-2» миссиясы жиберген жаңы сүрөттү жарыялады....
Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Япон алчасынын ак жана кызгылт гүлдөрү өлкөдө жаздын келгенин билдирип, кыска мөөнөттүү көчө майрамдарынын башталышына...