Индонезияда Казакстандын эки жараны кармалды. Алар баңгизат сатууга шектелүүдө.
«Казакстандын Жакартадагы элчилиги тергөө органдары жана айыпталуучулардын жакындары менен байланышта. Маселе казак дипломаттарынын көзөмөлүндө», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Индонезиялык басылмалардын маалыматына караганда, казакстандыктар ушул жылдын апрель айында Бали аралында кармалып, алардан 49 граммдай кристалл метамфетамин табылган. Алар Индонезияда өлүм жазасына тартыла турган баңги аткезчилиги үчүн айыпталууда.
Индонезиянын укук коргоо органдары сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле мамлекеттер ортосунда соттолгондорду алмашуу боюнча келишим жок экенин билдиришти.