Instagram жаңы функция киргизди: стористи өчүрбөй оңдоого болот
Instagram колдонуучулары эми стористи жарыялагандан кийин да көрүүлөрүн, лайктарын жана жоопторун жоготпой түзөтө алышат. Жаңы жаңыртуу жарыялангандан кийинки 15 мүнөттүн ичинде өзгөртүү киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Instagram компаниясынын жетекчиси Адам Моссеринин айтымында, колдонуучулар текстти оңдоп, музыканы алмаштырып, стикерлерди жана сүрөттөрдү түзөтө алышат. Буга чейин ката кеткен текстти оңдоо же унутуп калган ырды кошуу үчүн стористи өчүрүп, кайрадан жарыялоого туура келчү.
Жарыяланган стористи өзгөртүү үчүн аны ачып, экрандын төмөнкү оң бурчундагы үч чекиттүү менюну басып, Edit Story бөлүмүн тандоо керек.
Мындан тышкары, Instagram стикерлер үчүн жаңы шрифттерди, түстөрдү жана формаларды сунуштады. Компания бир нече сүрөт тандоо интерфейсин да жаңыртып, сторис үчүн бүдөмүктөтүүнүн, түстүү жана градиенттүү фондордун кошумча варианттарын киргизүүдө.