Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкек мэриясы электробустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча билдирүү таратты

Бишкек мэриясы электробустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча билдирүү таратты
 
Бишкек шаарынын мэриясы 19-ноябрда №2 каттамдагы электробустун катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Алдын ала маалымат боюнча, 19-ноябрь күнү саат 16:05 чамасында Кең-Суу көчөсүндөгү «Фрунзе» заводунун жанындагы акыркы аялдамада турган №2 каттамдагы Ankai үлгүсүндөгү электробус өз алдынча жүрүп кеткен. №8 автоколоннага караштуу, мамлекеттик номери 01KG192ВР болгон электробустун айдоочусу унааны токтоткондон кийин (кол) тормозуна койгон эмес. Натыйжада электробус өз алдынча жүрүп кеткен. Электробус Интергельпо көчөсүн кесип өтүп, жол боюнда токтоп турган Toyota Prius жана Mazda үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу электробусту токтотууга аракет кылган учурда оор жаракат алган. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматы аны шаардык ооруканага жеткирген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, айдоочу ооруканада каза болгон. Окуя болгон учурда электробустун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Бул кырсыкка байланыштуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы тарабынан кырсыктын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын иликтөө, ошондой эле тиешелүү чараларды көрүү максатында атайын комиссия түзүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында ишкана тарабынан компенсация төлөө маселеси каралат. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркаган унаалардын ээлерине келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруу маселеси колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн алкагында чечилет. Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
SEREP MEDIA