Ван Гогдун «Гүлдөгөн каштан дарактары» рекорддук баага сатылды
Ван Гогдун «Гүлдөгөн каштан дарактары» картинасы сүрөтчүнүн эң кымбат чыгармасына айланды. Картина Нью-Йорктогу Sotheby’s аукционунда рекорддук 190 миллион 430 миң долларга сатылды. Бул сүрөтчүнүн аукционго коюлган чыгармаларынын ичиндеги эң жогорку баа болуп калды.
Буга чейин Ван Гогдун эң кымбат сатылган чыгармасы «Кипаристер менен мөмөлүү бак» картинасы болгон. Ал 2022-жылы 117,2 миллион долларга сатылган.
«Гүлдөгөн каштан дарактары» картинасы 1890-жылдын май айында Франциянын Овер-сюр-Уаз шаарында, сүрөтчү каза болордон эки айдай мурун тартылган. Анда жолдун боюндагы гүлдөгөн каштан дарактары жана жолдо бараткан бир эркек менен үч аял сүрөттөлгөн.
Sotheby’s маалыматына караганда, еврей коллекционер Самуэль Фишер бул чыгарманы 1909-жылы Парижден сатып алган. Фишер каза болгондон кийин картина анын жубайына өткөн. Ал эми 1936-жылы башка үй-бүлөгө сатылган. Кийин, 1975-жылы, картинаны аргентиналык Блакье-Аррьета үй-бүлөсү сатып алган. Алар чыгармага дээрлик жарым кылым ээлик кылышкан.
Аукционго аз калганда Самуэль Фишердин мураскорлору картинанын сатылышына каршы чыгышкан. Алар Фишердин үй-бүлөсү картинаны 1936-жылы өз каалоосу менен эмес, нацисттик Германиядагы еврейлерди куугунтуктоо шартында ажырап калган деп эсептешкен.
Соода башталар алдында тараптар бул боюнча макулдашууга жетишкен.