Акыркы маалыматтар боюнча, Ирандын Бендер-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи портунда болгон жардыруудан каза болгондордун саны 46га жетти. Бул тууралуу Mehr агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, өрттүн 80 пайызы өчүрүлдү. Толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Өчүрүү иштерине аба ырайы тоскоолдук кылып жатканы да маалымдалды.
Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, портто күйүүчү май куюлган резервуар жарылган. Бирок Ирандын мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү боюнча улуттук компаниясы бул версияны четке какты. Ирандын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы өрттүн себебин күйүүчү жана химиялык материалдар салынган контейнерде чыккан өрт себеп болгонун билдирди.