Ирандын Бендер-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи деңиз портунда жарылуу болуп, 40 адам каза болду. Бул тууралуу Iran International жазды.
Акыркы маалыматтар боюнча порттогу өрт жана жарылуунун кесепетинен 1205 адам медициналык мекемелерге жаткырылган.
26-апрелде Ирандын эң ири портунда жарылуудан 36 адам каза болгону белгилүү болгон. Өрт азырынча өчүрүлө элек, кызматтар жалынды локалдаштырууга активдүү аракет кылып жатат.
Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, портто күйүүчү май куюлган резервуар жарылган. Бирок Ирандын мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү боюнча улуттук компаниясы бул версияны четке какты. Ирандын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы өрттүн себебин күйүүчү жана химиялык материалдар салынган контейнерде чыккан өрт себеп болгонун билдирди.