Израиль ХАМАС менен элдешүүнү узартат
Израиль АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун биринчи этабы 2-мартта аяктаган ХАМАС менен элдешүүнү улантуу сунушун жактырды. Бул тууралуу Times of Israel Биньямин Нетаньяхуга шилтеме берип жазды" target="_blank">https://www.timesofisrael.com/liveblog-march-01-2025/">жазды.
"Израиль АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Орозо жана Пасха мезгилдерине ок атышууну убактылуу токтотуу планын кабыл алды", — деп айтылат канцеляриянын билдирүүсүндө.
1-марттын кечинде Израил менен ХАМАСТЫН ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминин биринчи этабы аяктады. Биньямин Нетаньяхунун билдирүүсүнө ылайык, эгер мындан аркы сүйлөшүүлөр натыйжасыз болсо, ЦАХАЛ согушту уланта алат.