Казак ырчысы Ерке Эсмахан көз жарды. Бул тууралуу анын жолдошу ырчы RaiM жазып, уулдуу болушканын сүйүнчүлөдү.
RaiM социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп, «Кош келдиң, уулум» деп жазды.
2023-жылы 20-январда казак ырчысы Ерке Эсмахан өзүнөн 12 жаш кичүү RaiM деген ат менен таанымал болгон рэпер Райымбек Бактыгереевге турмушка чыккан. Алар «Бул махабат» аттуу ырынын клибинде Ерке Эсмахандын кош бойлуу экенин ачыкташкан. Ошол эле жылы 23-ноябрда уулдуу болушкан.