Саат 17:00гө карата Казакстан жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин маалыматына ылайык, учак кырсыгынан кийин аман табылган жарандардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Буга чейин ооруканага 28 жаран жеткирилип, анын ичинен 26 жаран такталган. Калган жарандардын аты-жөнүн тактоо иши жүрүп жатат. Баку — Грозный багыты боюнча учуп келе жаткан учак ичинде жалпы 67 жаран болгон.
Учурда Кыргызстандын ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Казакстан жана Азербайжандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлору менен онлайн түрдө байланышып, ыкчам маалымат алмашуу жүрүүдө.











