Казакстандыктар аёосуз сабалган окуучунун үй-бүлөсүнө 4 бөлмөлүү үй алып беришти. 3 күндө кайрымдуу адамдар 35 миллион теңге чогултушкан.
«Үй Алинурга катталган. Бирок ал 18 жашка толо элек болгондуктан документке атасы кол койду»,- деди ыктыярчы.
Мындан бир нече күн мурун социалдык тармакта топ болгон өспүрүм балдар окуучуну сабап жаткан видео тараган. Видеонун Казакстандын Семей шаарында тартылганы маалымдалган. Соцтармак колдонуучулары ыйлап жаткан өспүрүмдү тепкилеп, үстүнө секирип, сөгүп жаткандарды таап, жазалоону талап кылышкан.
Полиция маалымат таратып, видеонун Семейде тартылганын тастыктап, кылмыш иши козголгонун билдирген. Сабалган баланын 6-класстын окуучусу экени аныкталган. Көп өтпөй эле полиция видеодогу окуучулар аныкталганын, ата-энелери менен бирге бөлүмгө жеткирилгенин билдирген. Кармалгандардын арасында бир кыз болгон. Баары полициянын каттоосуна алынган. Ал эми жабарлануучу окуучу менен психологдор иштеп баштаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram