Астанадагы ресторандардын биринде аял сабалып, ал Тез жардам келгенге чейин каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен аял алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле маалда бир катар маалымат каражаттары Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев аялын өлтүрүүгө шектелип кармалганын жазып чыгышты. Милиция шектүү менен маркумдун аты-жөнүн тактаган жок. Orda.kz жазгандай, киши колдуу болгон аял экс-министр Салтанат Нукенованын экинчи аялы. Ал 31 жашта.
«Эксперттер текшерүүгө алганда маркум Нукенованын денесинен бычактан алган жаракаттын изи табылган эмес. Дененин жумшак ткандарынын, ошондой эле баш жагында гана гематомалар табылган. Болжолдуу түрдө башына катуу нерсе менен сокку өлүмгө алып келген», — деп жазат Orda.kz атын атагысы келбеген астаналык соттук-медициналык экспертке шилтеме берүү менен. Басылма кылмышка шектүү Бишимбаев мас болгон деп жазды.