Abank july
SerepTV Logo

Колумбия жер титирөөнүн кесепеттеринен улам кофе экспортун токтотту

Колумбия жер титирөөнүн кесепеттеринен улам кофе экспортун токтотту

Табигый кырсыктын кесепетинен өлкөнүн негизги порту — Буэнавентуранын ишинде үзгүлтүктөр болуп, ошондой эле Колумбиядагы маанилүү автожолдор жабылып калганын Bloomberg жазды. Картахена жана Санта-Марта портторунун иши токтогон эмес, бирок кофе ташуучу унааларды ал жакка багыттоо кыйын болуп жатат.

Кофе экспорттоочулар ассоциациясынын (Asoexport) жетекчиси Густаво Гоместин агенттикке билдиришинче, кофеге байланыштуу бардык операциялар убактылуу токтотулган. «Азырынча кофе иштетүүчү ишканаларга олуттуу конструктивдик зыян келгени тууралуу маалымат жок. Бирок электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы жана байланыш көйгөйлөрү алардын ишин татаалдаштырууда. Мындан тышкары, кызматкерлердин арасында турак жайынан ажырагандар да бар», — деди Гомес.

Кофе өстүрүлгөн аймак, ошондой эле аны ташуу жана кайра иштетүү менен алектенген компаниялар менен ишканалар жер титирөөдөн жабыркаган аймакка жакын жайгашкан. Bloomberg белгилегендей, Колумбия айына 60 килограммдык 1 миллионго жакын кап кофе экспорттойт. Демек, иштин ар бир токтоп турган күнү экспорттук жеткирүүлөрдүн олуттуу көлөмүнүн жоголушуна алып келиши мүмкүн.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, 10-августта болгон магнитудасы 7,4 баллдык жер титирөөдөн кеминде 250 адам каза болгон. AP агенттиги 2 595 адам жабыркаганын, ал эми кеминде 195 адам дайынсыз болуп жатканын маалымдады. Бейөкмөт уюмдардын билдиришинче, дайынсыз жоголгондордун саны 4 миңге чейин жетиши мүмкүн.