Москванын четиндеги «Крокус сити холл» концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. РИА Новости жазгандай, залга камуфляжчан 3 киши кирип барып, ок чыгарган. Андан соң жарылуу болуп, өрт чыккан.
ФСБ каза болгондор бар экенин билдирди. Азырынча каза болгондордун так саны айтыла элек. Москванын мэри Сергей Собянин «Крокус сити холлдо» болгон окуяны трагедия деп атады. Орусиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми «Крокус сити холлдогу» өрт күч алып, чатыры түшө баштады.
Бразилиялык мектеп окуучусу чочко минип мектепке барган видеосун жүктөп интернет жылдызына айланды. Фугете аттуу чоң чочко үй-бүлөнүн сүйүктүү үй жаныбарларынын...
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болгон. Кырсык болгон учурда балдардын ата-энеси...
Астанада автобус кырсыгынан оор жаракат алган кыз тууралуу маалымат жарыяланды. Кыз учурда ооруканада, анын эки буту кесилген. Бул тууралуу Tengrinews.kz...