Abank july
SerepTV Logo

Кытай менен Непалдын чек арасындагы суу ташкыны: үрөй учурган кадрлар

Кытай менен Непалдын чек арасындагы суу ташкыны: үрөй учурган кадрлар

Кытай менен Непалдын чек арасындагы суу ташкынынын үрөй учурган кадрлары тарады. Катуу сел жолундагынын баарын агызып кеткен. Адамдар аман калууга аракет кылышкан, бирок алардын аракети майнапсыз болгон. Маалыматтарга караганда, Германия, Индия, АКШ жана Испаниядан келген туристтерди кошкондо, жүздөгөн адам дайынсыз болууда.

Непал бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, 157 адамдын каза болгону тастыкталды, ал эми 400дөн ашуун турист дайынсыз жоголду. Алардын арасында Индия, АКШ, Австралия, Улуу Британия, Канада жана Малайзиянын жарандары көп.

Непалдын Туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, дайынсыз жоголгондордун арасында 25тен ашуун өлкөнүн жарандары бар. Алардын ичинде Германия, Франция, Орусия, Испания, Ирландия жана Нидерланддын жарандары да бар.

SEREP MEDIA