Маалыматка ылайык, зооактивисттер жүздөгөн иттерди жүктөп бараткан унааны байкап калышкан. Дароо «иттер жугуштуу оору менен ооруган болушу мүмкүн» деген шылтоо менен полицияга кайрылышат. Укук коргоо кызматкерлери унааны текшерүүгө алганда айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес. Ал эми жандыктарды эт фестивалына алып баратканы аныкталган. Куткарылган иттерди Пекиндеги Жаныбарларды коргоо ассоциясына өткөрүп беришкен. Аларды мал доктуру текшерген соң жаңы үй-бүлөгө жайгаштыруу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Европа биримдигинин Орусияга каршы санкцияларынын 20-пакетине эмне кирет?
Украинадагы согушка байланыштуу Москвага карата жаңы чектөөлөр пакети акыркы эки жылдагы эң ири пакет болуп калды. Бул тууралуу ЕБ Кеңешинде...











