Магниттик бороон-чапкындан улам Москванын түндүк аймагында жашагандар асмандан өзгөчө жашыл нурлуу жарыкты көрө алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Фобос» аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леустун айтымында, 19-сентябрга караган түнү жарыктануу байкалган. Синоптиктердин айтымында, бүгүн Москва убактысы боюнча саат 12:00 чамасында жарыктануу кубулушу көрүнөт. Кубулуштун ыктымалдыгы 40 пайыз, күчтүү магниттик бороондун ыктымалдыгы 35 пайыз деп бааланат.