Abank july
SerepTV Logo

Непал менен Тибеттеги суу ташкынынан каза болгондордун саны 768ге жетти

Непал менен Тибеттеги суу ташкынынан каза болгондордун саны 768ге жетти

Непал менен Тибеттеги суу ташкынынан каза болгондордун саны 768 адамга жетти. Непалдык куткаруучулардын маалыматына караганда, учурда кеминде 752 адам каза болуп, дагы 2502 адам дайынсыз болууда.

Тибет автономиялуу районун көзөмөлдөгөн Кытайдын бийлиги бул аймактагы каза болгондордун саны тууралуу биринчи жолу маалымат берди. Ага ылайык, Тибетте 16 адам каза болуп, 546 адам дайынсыз болууда. Бул маалыматтар азырынча акыркы эмес.

Кырсык болгон аймакта дайынсыз жоголгондордун арасында Германиянын кеминде 12 жараны бар. Tagesschau маалыматына караганда, алардын сегизи Непалдын аймагында, дагы үчөө Тибетте болгон. Мындан тышкары, Испания, Нидерланд, Португалия, Франция, ошондой эле АКШ жана Австралиядан келген ондогон адамдардын тагдыры азырынча белгисиз. Буга чейин Непалда 64 украиналык жана 8 россиялык жаран дайынсыз жоголгону кабарланган.

Непалда дайынсыз жоголгондордун арасында курулуп жаткан жана оңдолуп жаткан гидроэлектростанцияларда иштеген 933 жумушчу да бар. Алардын болжол менен 100ү тирүү болуп, туннелдердин биринде камалып калган болушу мүмкүн деген божомол айтылууда.

Куткаруу иштери түн ичинде да үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн. Бирок аба ырайынын начарлашы иштерди кыйла татаалдаштырган.

Суу ташкыны 26-августта эртең менен Тибет менен чектешкен Непалдын бийик тоолуу Расува аймагында ири мөңгүнүн урашынан кийин болгон.

SEREP MEDIA