Орусияда Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кулап түшкөнүн Tengrinews.kz билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, окуя Иваново облусундагы аэродромдон пландуу рейске учуп жатканда болгон. Учакта сегиз экипаж мүчөсү жана жети жүргүнчү болгон.
Кырсыктын себеби моторлордун биринен чыккан өрт экени айтылууда. Окуя болгон жерге Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн башкы командачылыгынан түзүлгөн комиссия учуп кетти. Интернетте учак кырсыгынын кадрлары да пайда болду.
Орус телеграм каналдары каза болгондордун саны 16 киши болушу мүмкүн экенин жазышууда. Бир жүргүнчү катталбаган болушу мүмкүн экенин жазышуда.