Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен жолугушту. Жолугушуу Кадыров отставкага кетүүсүн суранып жатканын билдиргенден кийин болду. Кремль жарыялаган текстке ылайык, жолугушууда отставкага кетүү тууралуу сөз болгон эмес.
Кадыров 6-майда журналисттерге отставкага кетүүсүн суранганын айтып, бул иште колдоо табаарына ишенерин билдирген. 7-майда, жолугушуунун алдында ал «Коммерсанттын» атайын кабарчысына мамлекет башчысы менен сүйлөшүү учурунда кызматтан кетүү тууралуу маселени көтөрө турганын ырастаган.