Сербия парламентинин депутаттарынын ортосунда ызы-чуу чыкты.
Тополоңго оппозициянын массалык нааразылык акцияларынан кийин күн тартибине коюлган билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөр себеп болгон.
Спикер Ана Брнабич эки киши жаракат алганын билдирди. Депутат Жасмина Обрадович инсульт алып, абалы оор.
«Парламент ишин улантат жана Сербияны коргойт», — деди Ана Брнабич.
Посмотреть эту публикацию в Instagram