Сириянын Латакия шаарында Башар Асаддын аталаш бир тууганы Сулейман Хилал Асад дарга асылды.
Sondakika кабарлагандай, аталаш агасы Асадды эл кармап алып, чогулган эл аны шаардын аянтында дарга асып салышкан.
27-ноябрда Сириянын куралдуу оппозициясы Алеппо жана Идлиб провинцияларында өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулду баштаган. 7-декабрда алар Алеппо, Дейр-эз-Зор, Дараа, Хама жана Хомс сыяктуу бир нече ири шаарларды басып алышкан. 8-декабрда оппозициялык күчтөр шаарга киргенден кийин Сирия армиясынын бөлүктөрү Дамасктан чыгып кетишкен. Башар Асад президенттиктен жана өлкөдөн чыгып кеткен. Орусия ага башпаанек берген.