Түркиянын Стамбул шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Адегенде Стамбул провинциясынын губернатору 25 адам каза болуп, дагы үчөө оор жаракат менен ооруканада жатканын билдирген. «Өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 29 адамга жетти. Өрттөн жабыркаган 1 адамды дарылоо иштери уланып жатат», — деди ал.
Өрт Гайреттепе районундагы (Бешикташтын бир бөлүгү) 16 кабаттуу турак жайдын жер төлөсүндө чыккан. Masquerade түнкү клубу жер төлөдө жайгашкан, ал жерде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун баары клубда иштеген курулушчулар.











